> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан ШКУ алкагындагы соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/09/18/kyrgyzstan-shku-alkagyndagy-sooda-ekonomikalyk-kyzmattashtykty-talkuulady/
- Published: 2026-09-18T04:05:22.000Z
- Updated: 2026-09-18T04:05:21.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов 17-сентябрда Душанбеде өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердигине жооптуу министрлеринин 25-жыйынына катышты.**

Министрликтин билдирсн караганда, жыйында ШКУ алкагындагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү маселелери талкууланды. Тараптар бул багыттагы кызматташтыкты ырааттуу бекемдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.

Жыйындын жыйынтыгында ШКУга мүчө мамлекеттердин министрлеринин билдирүүсү кабыл алынып, 2026–2030-жылдарга көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы макулдашылды.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**