> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда "Электрондук эсеп-фактура 2.0" пилоттук режимде иштей баштады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/09/18/kyrgyzstanda-elektronduk-esep-faktura-2-0-pilottuk-rezhimde-ishtei-bashtady/
- Published: 2026-09-18T07:15:44.000Z
- Updated: 2026-09-18T07:15:43.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кыргызстанда "Электрондук эсеп-фактура 2.0" (ЭЭФ 2.0) модулу 1-сентябрдан тартып, алты айга пилоттук режимде ишке киргизилди. Жаңы система товарларды жүгүртүүнү автоматташтырууга, виртуалдык кампа түзүүгө жана айрым товарлардын кыймылын санариптик эсепке алууга багытталган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.**

ЭЭФ 2.0 - төмөнкү товарлар менен операция жүргүзгөн салык төлөөчүлөр үчүн милдеттүү:

- мунай жана мунайзаттары;
- көмүр;
- алкоголдук продукциялар;
- тамеки продукциялары.

Ошол эле учурда азыркы **“Электрондук эсеп-фактура” системасы штаттык режимде иштей берет**. ЭЭФ 2.0 аркылуу пилоттук мезгилде түзүлгөн документтер салык милдеттенмелеринин пайда болушуна же өзгөрүшүнө негиз болуп саналбайт.

Милдеттүү тизмеге кирбеген товарларды саткан ишкерлер жаңы системаны ****ыктыярдуу түрдө тестирлей алышат**. Бул үчүн салык төлөөчүнүн жеке кабинетинен «Электрондук эсеп-фактура 2.0» модулуна кирип, «Виртуалдык кампа түзүү» баскычын басуу керек.

МСК пилоттук долбоордун жүрүшүндө ишкерлерден системаны жакшыртуу боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди кабыл алууга даяр экенин билдирди.