> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Майлуу-Суу лампа заводу" менен "Хайдаркан сымап комбинатынын" абалы  талкууланды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/09/18/mailuu-suu-lampa-zavodu-menen-khaidarkan-symap-kombinatynyn-abaly-talkuulandy/
- Published: 2026-09-18T07:30:19.000Z
- Updated: 2026-09-18T07:30:19.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Адылбек Касымалиев “Майлуу-Суу лампа заводу” ААКнун жана “Хайдаркан сымап комбинаты”АКнун учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги боюнча жыйын өткөрдү.**

Жыйында “Майлуу-Суу лампа заводу” боюнча үстүбүздөгү жылы кабыл алынган чечимдердин аткарылышы каралды. Анын ичинде Президенттин фондунан каражат бөлүү, ишкананын уставдык капиталын көбөйтүү жана Президенттин “Майлуу-Суу электр лампа заводун кайра жандандыруу жөнүндө” Жарлыгын кабыл алуу жана анын базасында индустриалдык парк түзүү боюнча аткарылган иштер боюнча маалымдалды.

Мындан сырткары сымап, сурьма жана флюориттин олуттуу запастарына ээ болгон стратегиялык маанидеги “Хайдаркан сымап комбинаты” ишканасын сактап калуу жана анын өндүрүштүк потенциалын калыбына келтирүү боюнча чаралар талкууланды.

> Жыйындын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга - өндүрүштү модернизациялоону тездетүү, ишканалардын финансылык-экономикалык абалын чыңдоо жана рентабелдүү ишин камсыз кылуу, ишканаларга инвесторлорду тартуу, ошондой эле жумуш орундарын сактоо боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/6aacd3010018d.jpg)