> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик ипотекалык компания турак жай эмес жайларды сатыкка чыгара баштады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/09/18/mamlekettik-ipotekalyk-kompaniia-turak-zhai-emes-zhailardy-satykka-chygara-bashtady/
- Published: 2026-09-18T04:30:48.000Z
- Updated: 2026-09-18T04:30:47.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) өзүнө таандык турак жай эмес жайларды сатыкка чыгара турганын жарыялады. Билдирүүгө караганда, Объектилердин түрүнө жараша коммерциялык жайлар, цокольдук кабаттар, жер алдындагы унаа токтотуучу жайлар, кампа жана техникалык бөлмөлөр сунушталууда.**

Аларды жеке жана **юридикалык жактар,** ошондой эле **мамлекеттик органдар** жана **уюмдар** сатып ала алышат. Сатуу **түз** же **кийин сатып алуу** шарты менен ижарага берүү аркылуу жүргүзүлөт.

> Маалыматка таянсак, кийин сатып алуу шарты менен ижарага алууда **алгачкы төлөм** кеминде **20%** болушу керек. Сатып алуу мөөнөтү **4% жылдык үстөк менен 5 жылга** чейин же **8% менен 10 жылга чейин** белгиленет.

Объектилер жана арыз берүү тартиби тууралуу **кеңири маалыматты МИКтин** расмий сайтынан алууга болот. 

Маалымат үчүн байланыш телефондор: **0707 988 904, 0553 988 904.** 

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**