> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россия Кыргызстандагы 15 миңден ашык үй-бүлөгө гуманитардык жардам берди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/09/18/rossiia-kyrgyzstandagy-15-minden-ashyk-ui-bulogo-gumanitardyk-zhardam-berdi/
- Published: 2026-09-18T04:55:40.000Z
- Updated: 2026-09-18T04:55:39.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Россия Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жардамын өткөрүп берди. Бул гумжардамды Кыргызстандагы 15 миңден ашык үй-бүлө алышы күтүлөт.**

**473,2 тонна байытылган ун** жана **67,5 тонна майдаланган буурчакты** расмий түрдө өткөрүп берүү аземи Ошто болду. Ага Россиянын башкы консулу Роман Свистин жергиликтүү орус үйүнүн жетекчиси Дмитрий Аврам жана эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышышты.

> БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы коомчулук менен байланыш боюнча адиси Алмаз Чороевдин маалыматына караганда, азык-түлүк **майыптыгы бар балдарды** тарбиялап жаткан же **майыптыгы бар чоң кишилерге** кам көргөн үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлүп **берилет.**

Белгилей кетсек, бул жардам БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы колдогон социалдык коргоо боюнча мамлекеттик программанын алкагында көрсөтүлүүдө.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**