> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Экономика министрлигинде 2026-жылдын мыкты ишкерлери сыйланды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/09/19/ekonomika-ministrliginde-2026-zhyldyn-mykty-ishkerleri-syilandy/
- Published: 2026-09-19T04:00:22.000Z
- Updated: 2026-09-19T04:00:22.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**18-сентябрда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Ишкерлер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Министрдин орун басары Беназир Нурланова ишкерлерди куттуктап, алардын экономиканын өнүгүшүнө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспорттук потенциалды жогорулатууга кошкон салымын белгиледи.**

> Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча чакан жана орто ишкердиктин ИДПдагы үлүшү 51,7%ды, түзүлгөн кошумча нарк 641 млрд сомго жакын болду.

2026-жылдын 6 айында ИДПдагы үлүшү 35,6%ды, дүң кошумча нарк 341,6 млрд сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 25,5%га өстү.

Иш-чарада ишкерлер төмөнкү номинациялар боюнча сыйланды:

\- 2026-жылдын жаш ишкери — 3;  
\- 2026-жылдын ишкер айымы — 10;  
\- 2026-жылдын жашыл ишкер» — 7;  
\- 2026-жылдын компаниясы — 7;  
\- 2026-жылдын ишкери — 8.

Ошондой эле бир катар ишкерлерге министрликтин Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

Иш-чарага бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү да катышып, ишкердикти өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдиришти.