> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Россия агроөнөр жайындагы кызматташтыкты кеңейтет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/09/19/kyrgyzstan-menen-rossiia-agroonor-zhaiyndagy-kyzmattashtykty-keneitet/
- Published: 2026-09-19T04:50:36.000Z
- Updated: 2026-09-19T04:50:35.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Дмитрий Патрушев менен жолугушту. Жолугушуу Балык өнөр жайы боюнча XI эл аралык форумдун алкагында өттү.**

Тараптар Кыргызстан менен Россиянын агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулашты. **2025-жылы** айыл чарба жана кайра иштетилген продукциялар боюнча эки өлкөнүн **соода жүгүртүүсү 652,3 млн долларды түзүп**, 2024-жылга салыштырмалуу 88,5 млн долларга өскөн.

Жолугушууда соода жүгүртүүнү көбөйтүү менен катар **биргелешкен кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү,** логистика жана сактоо инфраструктурасын өнүктүрүү, эл аралык стандарттарга жооп берген таңгактарды колдонуу зарылдыгы белгиленди.

> Эрлист Акунбеков балык чарбачылыгы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана **кыргызстандык товарларды** **Россиянын рыногуна чыгарууну кеңейтүү** боюнча жаңы биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууну сунуштады.

Тараптар балык чарбачылыгы боюнча долбоорлорду ишке ашырууга багытталган **биргелешкен жол карталарын иштеп чыгуу боюнча макулдашты**.