> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 1-октябрдан тарта пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/09/21/1-oktiabrdan-tarta-pensiianyn-ortocho-olchomu-12-898-somgo-zhetet/
- Published: 2026-09-21T06:30:41.000Z
- Updated: 2026-09-21T06:30:40.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Адылбек Касымалиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бир катар актуалдуу маселелери каралган аппараттык кеңешме өткөрдү. Жыйында өзгөчө көңүл 1-октябрынан тарта пенсияларды жогорулатууга даярдык көрүү маселесине бурулду.**

> Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, индексациянын жыйынтыгында пенсиянын орточо өлчөмү **12 898 сомго жетет,** ал эми **жогорулоонун орточо өлчөмү 1 753 сомду түзөт.** Адылбек Касымалиев пенсияларды белгиленген мөөнөттө төлөп берүү үчүн бардык зарыл иш-чараларды өз убагында аягына чыгарууну тапшырды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/6ab0c1433b26e-thumb.jpg)

Эмгек менен камсыз кылуу маселелерин талкуулоонун алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы жарандар үчүн жумуш издөөдө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Эми жумуш издөөчүлөргө актуалдуу бош орундарды табууга, иш берүүчүлөргө жумуш орундарынын бар экендиги жөнүндө маалымат жайгаштырууга мүмкүндүк берген - ****Jumush.gov** жана ****Find-ish** санарип платформалары түзүлгөндүгүн маалым болду.

Ошондой эле кеңешмеде өлкө аймактарындагы Беккари чуңкурларынын абалы каралып, тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына атайын курулмаларды толук инвентаризация жүргүзүү, алардын техникалык жана санитардык абалын баалоо тапшырылды.