> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Айыл чарбасын каржылоо – 14” долбоору ишке ашырылууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/09/21/aiyl-charbasyn-karzhyloo-14-dolbooru-ishke-ashyryluuda/
- Published: 2026-09-21T10:30:09.000Z
- Updated: 2026-09-21T10:30:08.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында “Айыл чарбасын каржылоо – 14” долбоору ишке ашырылууда. КР Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, "АБанк" жана "Элдик Банк" аркылуу 8 256 жеңилдетилген кредит берилип, алардын жалпы суммасы 5 млрд 448 млн сомду түздү.**

> Маалыматка ылайык, кредиттер жылдык **6 пайыздык үстөк чен** менен **36 айга** чейинки мөөнөткө берилүүдө. Каржылоонун негизги бөлүгү — **4 млрд 939 млн** сомго жакыны мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган. Өсүмдүк өстүрүүгө **445,2 млн сом**, суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө **63,3 млн** сом бөлүнгөн.

Бул каражаттар айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө ишин кеңейтүүгө жана өндүрүшүн туруктуу өнүктүрүүгө шарт түзөт. Долбоордун алкагында берилген насыялар ата мекендик продукциянын көлөмүн көбөйтүүгө жана ички рынокту керектүү товарлар менен камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**