> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/09/24/eseptoo-palatasynyn-keneshinin-kezektegi-oturumu-boldu/
- Published: 2026-09-24T12:05:49.000Z
- Updated: 2026-09-24T12:05:48.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Бүгүн, Эсептөө палатасында Кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү. Иш-чара мамлекеттик кызматка жаңыдан кабыл алынган кызматкерлердин салтанаттуу ант берүү аземи менен башталды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.**

> ​Маалыматка ылайык, отурумда өлкөнүн социалдык-экономикалык тармагын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маанилүү отчет каралды. Атап айтканда, 2023–2024-жылдар аралыгында социалдык контракттын негизинде көрсөтүлгөн жардамдын натыйжалуулук аудити боюнча отчет сунушталды.

​Муну менен катар, Кеңештин мүчөлөрү Транспорт жана коммуникациялар министрлигине мурда жөнөтүлгөн жазма буйруктун айрым пункттарын жокко чыгаруу маселесин карашты. 

Ошондой эле, Эсептөө палатасынын 2026-жылга карата Аудитордук иш планына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана ведомствонун 2023–2025-жылдарга карата финансылык отчеттуулугуна жүргүзүлгөн көз карандысыз аудиттин жыйынтыктарын карап чыгышты.