> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан 2027-жылы жаңы финансылык отчеттуулук стандарттарын ишке ашыра баштайт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/09/25/kyrgyzstan-2027-zhyly-zhany-finansylyk-otchettuuluk-standarttaryn-ishke-ashyra-bashtait/
- Published: 2026-09-25T06:39:38.000Z
- Updated: 2026-09-25T06:39:38.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тарта финансылык отчеттуулук боюнча эки жаңы эл аралык стандарт күчүнө кирет**. **Алар IFRS 18 жана IFRS 19 стандарттары. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы маалымдады.**

> **Билдирүүгө караганда, IFRS 18** — «Финансылык отчеттуулукта маалыматты көрсөтүү жана ачып берүү» стандарты 2024-жылдын апрель айында Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча кеңеш (IASB) тарабынан чыгарылган. Ал финансылык отчеттордогу маалыматтарды көрсөтүүгө жана ачып берүүгө карата жалпы талаптарды белгилейт.

Ал эми **IFRS 19 — «Коомдук отчеттуулукка милдеттүү эмес туунду уюмдар: маалыматты ачып берүү»** стандарты 2024-жылдын май айында кабыл алынган.

Бул стандарт айрым туунду уюмдарга IFRS стандарттарын колдонууда маалыматты ачып берүү боюнча **кыскартылган талаптарды** пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.

Эки стандарт тең **2027-жылдын 1-январында же андан кийин башталган жылдык отчеттук мезгилдер үчүн** күчүнө кирет. Ошол эле учурда аларды белгиленген мөөнөттөн мурда колдонууга уруксат берилет.