> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Үч компанияга айып пул салынып, Балыкчыдагы сапатсыз жолдор кайра жасалууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/09/28/uch-kompaniiaga-aiyp-pul-salynyp-balykchydagy-sapatsyz-zholdor-kaira-zhasaluuda/
- Published: 2026-09-28T10:44:03.000Z
- Updated: 2026-09-28T10:44:03.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан Балыкчы шаарындагы Кулакунов, Тоголок Молдо жана Абдрахманов көчөлөрүндөгү унаа жолдорун жана тратуарларды реконструкциялоо иштеринде ченемдик-техникалык документтердин жана долбоордук чечимдердин талаптарынын бузулушу аныкталды.**

> Билдирүүгө караганда, реконструкция иштеринде асфальт-бетон жабуусунун **жука жана сапатсыз** салынып жаткандыгы, суу өткөрүүчү курулмалардын оозу (оголовка), тротуарлар, коргоочу жана таяныч элементтерди орнотуу иштеринде **кемчиликтер аныкталган.** Ошондой эле айрым жерлерде суу агызуучу лотокторду орнотууда туташтыруучу бөлүктөрдүн сапатсыз аткарылганы белгиленди.

Мындан тышкары, айрым тилкелерде негизди тазалоо, битум эмульсиясы менен алдын ала иштетүү талаптары сакталбастан, асфальт-бетон аралашмасы төшөлгөн. Ал эми инженердик кудуктардын белгилери жол жабуусунун деңгээлине ылайык келбегени аныкталды.

> Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча **“Чу Прокси”, “4 Энерджи”** жана **“Капитал Консалт” ЖЧКларына** карата жалпы **105 000 сом** өлчөмүндө **айып пул салынды**. Ошондой эле аныкталган кемчиликтерди белгиленген мөөнөттө подряддык уюмдардынөз каражаттарынын эсебинен жоюу **талабы коюлду.**

Учурда аныкталган кемчиликтер боюнча демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Коюлган талаптардын аткарылышы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан толук көзөмөлдө.