> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акцияларды чыгарууну мамлекеттик каттоонун жаңы тартиби бекитилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/09/29/aktsiialardy-chygaruunu-mamlekettik-kattoonun-zhany-tartibi-bekitildi/
- Published: 2026-09-29T05:52:37.000Z
- Updated: 2026-09-29T05:52:36.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кече Министрлер Кабинети “Акцияларды чыгарууну, акцияларды ачык сунуштоо шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом кабыл алды.**

> Билдирүүгө караганда, бекитилген жобо акцияларды чыгарууну, аларды ачык сунуштоо шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тартибин белгилейт.

Документ ошондой эле баалуу кагаздар рыногунда инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга багытталган.

Жаңы жобонун кабыл алынышына байланыштуу акцияларды чыгарууну мамлекеттик каттоо жана баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларынын ишмердиги боюнча мурда колдонулуп келген айрым ченемдик укуктук актылар күчүн жоготту деп таанылды.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларынын көңүлүн - акцияларды чыгаруу жана аларды ачык сунуштоо жаатындагы жаңы ченемдик жөнгө салуунун кабыл алынганына бурат.