> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эттин баасы: жайыттагы малдын эти бордоп семиртилгенден канчалык айырмаланат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/09/29/ettin-baasy-zhaiyttagy-maldyn-eti-bordop-semirtilgenden-kanchalyk-aiyrmalanat/
- Published: 2026-09-29T09:27:35.000Z
- Updated: 2026-09-29T09:27:34.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Бордоп семиртилген малдын этинин өздүк наркы жайыттагы малга караганда дээрлик 3 эсеге жогору. Кыргызстанда эттин чекене баасына малды багуу технологиясы, тоюттун наркы, салмак кошуу көрсөткүчү, ветеринардык тейлөө, транспорт жана башка чыгымдар түздөн-түз таасир этет.**

> Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин эсептөөлөрүнө ылайык, бордоп семиртүү шартында багылган бодо малдын этинин 1 килограммынын өздүк наркы - **655,67 сомду** түзөт. Ал эми жайытта багылган малдын этинин өздүк наркы - **230,82 сом** деп эсептелген. Башкача айтканда, бул эки ыкманын ортосундагы айырма **424,85 сомду** түзөт.

Билдирүүгө караганда, **жайытта мал багууда** сатып алынуучу тоютка кеткен чыгым салыштырмалуу аз болот. Бирок мындай шартта малдын суткалык салмак кошуусу жайыраак жүрөт.

Ал эми **бордоп семиртүүдө** тоютка чыгым көбүрөөк кеткени менен, туура рацион жана багуу шарттары камсыздалганда малдын суткалык салмак кошуусу **0,8–1,0 килограммга жана андан жогору** жетиши мүмкүн.

Учурда республика боюнча малды бордоп семиртүү менен алектенген ишкерлер тарабынан **27 595 баш мал** бордолууда.

### **Кыргызстандагы эттин баасы** 

2026-жылдын **сентябрь айына** карата Кыргызстанда уй этинин орточо чекене баасы **774,4 сом/кг**, кой эти **810,6 сом/кг** болгон.

> Салыштыруу үчүн, министрлик кошуна мамлекеттердеги эттин баасын кароого сунуштайт. Ага ылайык, Өзбекстанда уй этинин баасы болжол менен **934 сом/кг**, кой эти **1 007 сом/кг** деңгээлинде. Тажикстанда бул көрсөткүчтөр тиешелүүлүгүнө жараша **928 жана 1 010 сом**, ал эми Казакстанда уй эти **810 сом**, кой эти **892 сом** болгон.

Ушундан улам, Кыргызстандагы эттин чекене баасы бир катар коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөндүгүн аталган министрликтен билдиришүүдө.

Маалыматка ылайык, учурда ички рыноктогу баанын туруктуулугу өндүрүш көлөмүнө гана эмес, **тоюттун баасына, логистикалык чыгымдарга, сезондук факторлорго** жана **тышкы суроо-талапка** да байланыштуу болуп турат.