> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мунай продуктуларын жеткирүүчүлөргө мамлекеттик субсидияларды берүү уланат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/09/29/munai-produktularyn-zhetkiruuchulorgo-mamlekettik-subsidiialardy-beruu-ulanat/
- Published: 2026-09-29T03:43:23.000Z
- Updated: 2026-09-29T03:43:22.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Анда күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы учурдагы абал, анын ичинде бензиндин коруктары, жеткирүү көлөмдөрү, баа саясаты жана ички рынокту туруктуу камсыздоо маселелери талкууланды.**

Буга чейин белгиленгендей, мунай продуктуларын жеткирүүчү компанияларга мамлекеттик субсидияларды берүү боюнча иштер уланып жатканы маалымдалды.

> Тактап айтканда, келишимдерге жараша бензинге субсидиянын өлчөмү **АИ-92** үлгүсүндөгү литрине — **17,16 сомдон 30,88** сомго чейин, **дизелдик отунга** — **13,06 сомдон 42,27** сомго чейин, ал эми **суюлтулган газга — 46 тыйындан 1,40** сомго чейинки сумманы түзөт.

Жыйындан соңунда тиешелүү **мамлекеттик органдарга** ички рынокту күйүүчү-майлоочу материалдар менен туруктуу камсыздоону уюштуруу, жеткирүү көлөмдөрүнө жана коруктарга көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле **тартыштыктын алдын алуу боюнча** **зарыл чараларды көрүү тапшырылды**.