> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токмоктогу “АгромашХолдинг-ТехСервис” ишканасы колдоого алынат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/09/29/tokmoktogu-agromashkholding-tekhservis-ishkanasy-koldoogo-alynat/
- Published: 2026-09-29T02:56:03.000Z
- Updated: 2026-09-29T02:56:02.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана ата мекендик бизнестин өкүлдөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Анын жүрүшүндө стратегиялык инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы талкууланды**

Кеңешменин катышуучулары Чүй облусунда биринчи индустриалдык паркты түзүү, ошондой эле ата мекендик машина куроо жана айыл чарба тармактарын мамлекеттик колдоо чаралары карап чыгышты.

Ага ылайык, Токмок шаарындагы **LOVOL тракторлорун чогултуу** иштерин жүргүзгөн “АгромашХолдинг-ТехСервис” ишканасын колдоо маселеси кароого алынды.

> Билдирүүгө караганда, ата мекендик **айыл чарба техникаларын** сатып алууну стимулдаштыруу механизмдери, анын ичинде жеңилдетилген лизингди колдонуудагы программаларды өркүндөтүү аркылуу колдоо көрсөтүү зарылдыгы айтылды.

Мындан сырткары Чүй облусунун Ысык-Ата районунда **өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүүгө**, инвестицияларды тартууга, жаңы ишканаларды жайгаштырууга жана **жумуш орундарын түзүүгө** багытталган индустриалдык парк түзүү, Талас облусунун аймагында **мунай сактоочу жай** куруу маселелери каралды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча **жооптуу мамлекеттик органдарга** тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу жана жогоруда аталган демилгелерди ишке ашыруу боюнча **ишти улантуу тапшырылды**.