> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Экономика министрлигинин кызматкерлерине МинКабдын сыйлыктары берилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/10/01/ekonomika-ministrliginin-kyzmatkerlerine-mamkabdyn-syilyktary-berildi/
- Published: 2026-10-01T11:03:43.000Z
- Updated: 2026-10-01T11:47:37.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Эгемендүүлүк күнүнө карата жана кесиптик жетишкендиктери үчүн Экономика министрлигинин бир катар кызматкерлери Министрлер кабинетинин сыйлыктарына татыды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.**

> Маалымдалгандай, министр Бакыт Сыдыковго "Эмгек сиңирген экономист" ардак наамы ыйгарылды, персонал менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Мехрибон Хусаиновага "Мамлекеттик кызматка эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы берилди, стратегиялык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги Айсулу Аманова Министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды. Укуктук камсыздоо башкармалыгынын башкы адиси Айгерим Кубатбековага Министрлер кабинетинин төрагасынын атынан алкыш жарыяланды.

Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-сентябрындагы №620 тескемеси менен кабыл алынган.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**