> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Түркмөнстандагы TIF 2026 форумуна катышууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/10/01/kyrgyzstan-turkmonstandagy-tif-2026-forumuna-katyshuuda/
- Published: 2026-10-01T12:04:15.000Z
- Updated: 2026-10-01T12:04:14.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Ашхабад шаарында өтүп жаткан Түркмөнстандын инвестициялык форумуна (TIF 2026) катышты. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.**

Форум 1-2-октябрь күндөрү өтүүдө. Ачылышында Равшанбек Сабиров Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.

> "Кыргызстан менен Түркмөнстанды боордоштук мамилелер, кылымдарды карыткан тарыхый байланыштар жана салт-санааларыбыздын окшоштугу бириктирип турат. Бүгүнкү күндө өлкөлөрүбүздүн алдында инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда", - деди ал.

Агенттик башчысы Кыргызстан инвестициялык мыйзамдарды жана инвесторлорду колдоо механизмдерин өркүндөтүүнү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүнү жана долбоорлорду коштоонун санариптик инструменттерин киргизүүнү улантып жатканын белгиледи.

Перспективдүү багыттар катары жасалма интеллект, креативдүү индустриялар, кайра жаралуучу энергетика, ошондой эле инфраструктуралык жана транспорттук-логистикалык долбоорлор аталды.

Эки өлкөнүн кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарынын катарында энергетика, мунай-газ продукциясын жеткирүү, текстиль өнөр жайы, транспорт-логистика жана туризм чөйрөлөрүндөгү өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү белгиленди.Жыйынтыгында Равшанбек Сабиров форумдун катышуучуларына жемиштүү сүйлөшүүлөрдү, ишенимдүү өнөктөштөрдү жана конкреттүү практикалык натыйжаларды каалады.