> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Маркетплейстер аркылуу иштеген тигүү ишканалары жыл аягына чейин бирдиктүү салыктан бошотулушу мүмкүн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/10/01/marketpleister-arkyluu-ishtegen-tiguu-ishkanalary-zhyl-aiagyna-cheiin-birdiktuu-salyktan-boshotulushu-mumkun/
- Published: 2026-10-01T11:49:33.000Z
- Updated: 2026-10-01T11:49:32.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Маркетплейстер аркылуу иштеген тигүү ишканаларынын жана селлерлердин 2026-жылдын 1-августунан тартып жылдын аягына чейин бирдиктүү салык ченемдери 0% пайызды түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу 30-сентябрда Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Ысабеков радиодо чыгып сүйлөгөндө билдирди.** 

Анын сөзүнө караганда, тигүү ишканалары 0, 25 %, ал эми цехтерге товар буйрутма кылган же башка жактан сатып алып маркетплейстерге саткан селлерлер 2% төлөшкөн.

> "Дүйнөдөгү жана аймактардагы окуяларга байланыштуу, ошондой эле Кыргызстандык ишкерлердин товарлары күйүп кеткен Орусиядагы ири маркетплейстин кампасындагы өрттөн улам чоң чыгашалар болду. Ишкерлер өздөрүн салыктан бошотууну өтүнүштү, биз аларды колдодук"- деп түшүндүрдү Ысабеков. 

Ошондой эле мыйзам долбоору ЖКдагы окууда, норма арткы дата менен, 1-августан тартып караларын, ноябрь-декабрда мониторинг жүргүзүлөрүн, керектелинсе бул норма узартыларын кошумчалады.