> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/10/02/kant-shaarynda-etti-arzan-baada-satkan-dukon-achyldy/
- Published: 2026-10-02T13:07:49.000Z
- Updated: 2026-10-02T13:07:49.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда.**

> Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка шаарларында жана райондук борборлорунда да ачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Муниципалдык дүкөндү ачуунун негизги максаты — калкты жеткиликтүү баада эт менен камсыз кылуу жана эттин баасынын жогорулашына жол бербөө.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы социалдык маанидеги товарлардын бааларына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп келет.