> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук статистика комитетинде коррупцияга каршы стратегияны ишке ашыруу маселеси каралды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/10/02/uluttuk-statistika-komitetinde-korruptsiiaga-karshy-strategiiany-ishke-ashyruu-maselesi-karaldy/
- Published: 2026-10-02T02:48:05.000Z
- Updated: 2026-10-02T02:48:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Улуттук статистика комитетинде коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу маселелери талкууланды. Жыйын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары З. Жумалиевдин, Статистика, изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институтунун директорунун, ошондой эле статистиканын аймактык органдарынын жетекчилери жана кызматкерлеринин катышуусунда өттү.**

Жыйында Кыргыз Республикасында 2025–2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын өз убагында жана сапаттуу аткаруу маселелери каралды.

Ошондой эле 2026–2027-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасын ишке ашырууга көңүл бурулду. Анын алкагында коомдо чынчылдыкты, ак ниеттүүлүктү жана коррупциялык көрүнүштөрдү четке кагуу маданиятын калыптандыруу максатында социалдык роликтерди, маалыматтык буклеттерди жана башка материалдарды даярдоо жана жайылтуу боюнча конкреттүү чараларды көрүү маселелери талкууланды.

Кеңешменин жүрүшүндө Башкы прокуратуранын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Иман Мавлянов планда каралган иш-чараларды натыйжалуу аткарууну камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары, Иман Мавлянов кеңешменин катышуучуларына, ошондой эле онлайн форматта катышкан статистиканын аймактык органдарынын кызматкерлерине Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы №537 токтому менен бекитилген ****коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү фактысы жөнүндө кабарлоо тартиби** тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле аталган тартиптин негизги жоболору, коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү фактысы жөнүндө кабарлоонун механизмдери жана мындай фактылар тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өз убагында маалымдоонун маанилүүлүгү түшүндүрүлдү.