> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/10/03/kyrgyzstan-menen-kazakstan-2027-zhylga-dary-darmekti-birgeleship-satyp-aluunu-talkuulady/
- Published: 2026-10-03T11:07:28.000Z
- Updated: 2026-10-03T11:07:28.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды.**

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген өлкөлөр үчүн **бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүү** демилгесин сунуштады.

Тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы мындан аркы кызматташтыкты жана **2027-жылга дары-дармектерди биргелешип сатып алуу** мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Жолугушууга Казакстандын фармацевтикалык компанияларынын өкүлдөрү да катышып, дары-дармектерди жеткирүү жана мамлекеттик операторлор менен мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Ошондой эле 2027-жылга карата биргелешкен сатып алуулар жана дары-дармек менен камсыздоо багытындагы кызматташтыкты улантуу боюнча макулдашты.