> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоого багытталган Жарлыкка кол коюлду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/10/10/ak-niet-salyk-toloochulordu-korgoogo-bagyttalgan-zharlykka-kol-koiuldu/
- Published: 2026-10-10T03:00:00.000Z
- Updated: 2026-10-10T02:59:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Президенти Садыр Жапаров “Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоонун укуктук кепилдиктерин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлык салык системасын өркүндөтүүгө, ак ниет салык төлөөчүлөрдүн укуктарын коргоону күчөтүүгө жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.**

Документтин негизги максаты — мамлекеттин кызыкчылыктары менен ишкерлердин укуктарынын ортосундагы адилеттүү тең салмактуулукту камсыз кылуу жана салык милдеттенмелеринен качуу схемаларын уюштурган адамдарды аныктоого басым жасоо.

Жарлыкта салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча бир катар **иш-чаралар каралган**, анын ичинде:  
• ак ниет эмес салык төлөөчүлөрдүн реестрин түзүү,  
• жалган электрондук эсеп-фактураларды пайдалангандыгы жана бизнести башканын атына каттагандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөө,  
• бизнести иш жүзүндө башкарган адамдарды жоопкерчиликке тартуу чаралары бар.  
• өз атына юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди каттоого ыктыярдуу түрдө тыюу салууга мүмкүндүк берген “өзүнө-өзү тыюу салуу” механизмин киргизүү,  
• ишеним каттарды жана квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонууга көзөмөлдү күчөтүү,  
• салыктык башкаруунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын мындан ары санариптештирүү.

Ошондой эле ишкерлерди укук коргоо органдарынын алардын финансылык-чарбалык ишине негизсиз кийлигишүүсүнөн коргоого өзгөчө көңүл бурулган. Бул багытта салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыш иштерине карата прокурордук көзөмөлдү жана ведомстволор аралык контролду күчөтүү белгиленген.