> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кадамжайда өнөр жай өндүрүшү 2,5 млрд сомго жетти
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/10/12/kadamzhaida-onor-zhai-ondurushu-2-5-mlrd-somgo-zhetti/
- Published: 2026-10-12T05:38:46.000Z
- Updated: 2026-10-12T05:38:46.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын өнүгүү долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.**

> Кадамжай районунун акими Болоткан Белек уулу билдиргендей, райондо өнөр жай өндүрүшү 2021-жылы **994,9 млн сом** болсо, 2026-жылдын 9 айында **2 млрд 507 млн сомго** жеткен. Жыл аягына чейин **3 млрд сомго** жеткирүү пландалууда. Инвестиция көлөмү **1,7 млрд сомдон 2,8 млрд сомго** өсүп, жыл аягына **4 млрд сом** болот деп күтүлүүдө. Салык түшүүлөрү **340 млн сомдон 735 млн сомго** өскөн.

Райондо билим берүү, саламаттык сактоо жана спорт боюнча 91 объект пайдаланууга берилип, 13 жаңы ишкана ачылып, 138 жумуш орду түзүлгөн. 21 айылда ичүүчү суу долбоору **574,3 млн сомго** ишке ашууда.

Кызыл-Кыя шаарынын мэри Бакытбек Кошалиев шаарда өнөр жай өндүрүшү 9 айда **1,5 млрд сомго** жетип, былтыркыга салыштырмалуу 29,7%га өскөнүн билдирди. Инвестиция **925 млн сомду** түздү.

Шаарда 2 ири долбоор пландалууда: **3 млрд сомдук** 13 гектарга транспорттук-логистикалык комплекс жана **30 млрд сомдук** 71 гектарга жаңы кичи район куруу.

Президент демилгелерди натыйжалуу ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.