> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/10/13/naryn-bazhysy-1-mln-somdon-ashyk-myizamsyz-zhugurtuunu-anyktady/
- Published: 2026-10-13T09:42:29.000Z
- Updated: 2026-10-13T09:42:29.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.**

> Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган.

Текшерүүдө 141 900 кг чийки заттын турган жерин тастыктаган документтери жок экени чыккан. Мындан тышкары дагы 162 005 кг чийки зат бажы жол-жобосуна өткөрүлбөй, декларациясыз жана төлөмсүз сатылганы аныкталган.

Бажы органынын эсеби боюнча төлөнбөй калган бажы төлөмү **1 072 150 сомду** түзгөн.

Материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Тергөөнүн жыйынтыгында мамлекетке келтирилген **1 072 150 сомдук** зыян толугу менен өндүрүлүп, бюджетке төлөндү.