> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/10/15/2026-zhyly-10597-ui-bulo-menen-sotsialdyk-kontrakt-tuzuldu/
- Published: 2026-10-15T10:57:00.000Z
- Updated: 2026-10-15T10:56:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда.**

> Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан **13 334 үй-бүлө** менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу уланууда. Каалоочулар жашаган жери боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрыла алышат.

Ошондой эле мониторингдин жыйынтыгында социалдык жардам алган **59354 үй-бүлөнүн** ичинен **321и** (0,5%) ар кандай себептер менен бизнес-долбоорун **ишке ашыра албаганы аныкталган**. Буга табигый кырсыктар жана башка күтүлбөгөн жагдайлардан улам сатылып алынган мүлктөн ажыроо, ден соолукка байланыштуу долбоордон баш тартуу жана башка себептер болгон.

Мындай учурларда социалдык контрактты токтотуу маселесин атайын **комиссия карап чыгат.** Мыйзамда белгиленген шарттар аткарылса, үй-бүлөнүн мамлекеттик жөлөкпул алуу укугу кайра калыбына келтирилиши мүмкүн.

****Программанын негизги** ****максаты** — үй-бүлөлөрдүн экономикалык өз алдынчалыгын жогорулатууга, жеке ишкердигин өнүктүрүүгө жана алардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга шарт түзүү болуп саналат.