> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте экспорттук көзөмөл боюнча семинар өтүүдө
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/10/15/bishkekte-eksporttuk-kozomol-boiuncha-seminar-otuudo/
- Published: 2026-10-15T11:57:00.000Z
- Updated: 2026-10-15T11:56:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**14–16-октябрда Бишкекте мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн экспорттук көзөмөл боюнча практикалык семинар өтүп жатат.** **Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты.**

Иш-чара Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Германиянын Экономика жана экспорттук көзөмөл боюнча федералдык ведомствосу (BAFA) тарабынан “ЕБ P2P” программасынын алкагында уюштурулган.

Окутуунун негизги максаты - улуттук стратегиялык сооданы көзөмөлдөө системасын чыңдоо, жарандык жана аскердик максаттарда колдонулушу мүмкүн болгон кош максаттагы товарлардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.

Кыргызстанда экспорттук көзөмөл жаатындагы негизги ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган — Экономика жана коммерция министрлиги.