> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/10/15/myizamsyz-kurulushtardan-85-6-mln-som-onduruldu/
- Published: 2026-10-15T11:41:00.000Z
- Updated: 2026-10-15T11:41:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**2026-жылдын 9 айында Бишкекте 8 427 мыйзамсыз объект демонтаждалып, 267 054 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Бул тууралуу мэрия маалымдады.**

> Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, анын ичинде 4 062 жеңил типтеги объект, 1 093 капиталдык курулуш жана тосмо, 3 272 жарнамалык конструкция алынган.

Жол долбоорлорунун алкагында 842 объект, суу коргоо тилкелеринде 56 курулуш, Түндүк айланма жолун реконструкциялоо аймагында 44 объект демонтаждалган.

9 айда **76 млн 144 миң сомго** 2 101 протокол түзүлүп, ижара акысы катары **85 млн 619 миң сом** өндүрүлгөн. Башкармалык сотко 50 доо арыз берип, 466 сот отурумуна катышкан.

"Менин шаарым" тиркемеси аркылуу тургундардан 1 032 кайрылуу түшкөн.

Шаарда муниципалдык жерлерди бошотуу иштери улантылууда.