> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Курулуштагы мыйзам бузуудан мамлекетке 2 млн сом зыян келтирилген
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/10/16/kurulushtagy-myizam-buzuudan-mamleketke-2-mln-som-zyian-keltirilgen/
- Published: 2026-10-16T07:39:00.000Z
- Updated: 2026-10-16T07:38:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Чүй облусунун прокуратурасы Чүй башкы суу чарба башкармалыгында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.**

> Маалым болгондой, текшерүүдө 2025-жылы курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузуулар аныкталган.

Атап айтканда, сметалык баа негизсиз жогорулатылып, бетон пайдубал-тирөөчтөрдү курууда аткарылган иштердин актыларына жалган маалыматтар киргизилген. Башкача айтканда, кагазда иш көп көрсөтүлүп, иш жүзүндө аз аткарылган.

Натыйжада мамлекетке **2 млн сом** зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси - кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат.