> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/10/17/tamchy-afia-el-aralyk-reitingde-duinodo-ekinchi-orundu-eeledi/
- Published: 2026-10-17T12:51:48.000Z
- Updated: 2026-10-17T12:51:48.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кыргызстандагы “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы (АФИА) Financial Times тобуна кирген fDi Intelligence аналитикалык борборунун Global Free Zones of the Year 2026 рейтингинде “Чыгып келе жаткан жылдыз” (Rising Stars) категориясы боюнча Азия-Тынч океан аймагында биринчи, дүйнөдө экинчи орунду ээледи.**

Маалыматка ылайык, “Тамчы” бул рейтингде жогорку баага татыган Борбор Азиядагы биринчи финансылык юрисдикция болуп калды.

Рейтингдин калыстар тобу аймактын инвесторлорду тартуу боюнча узак мөөнөттүү стратегиясын жана бизнес үчүн каралган жеңилдиктерин жогору баалашкан. Алардын арасында компаниялардын пайдасына салынуучу салыктын 49 жылга нөлдүк чени жана алынган пайданы чет өлкөгө которуу мүмкүнчүлүгү бар.

> “Тамчы” АФИАнын башкаруу кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Аяз Баетов бул жетишкендикти тандалган өнүгүү моделинин эл аралык деңгээлде таанылышы катары баалады.

"Тамчы" АФИА 2026-жылдын 3-июлунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда расмий ачылган. Учурда анда заманбап кеңселери бар А классындагы бизнес-борбор иштеп жатат. 2026-жылдын аягына чейин дагы беш имараттын курулушун аяктоо пландалууда. Алардын арасында резиденттер үчүн экинчи бизнес-борбор, эки кеңсе жана башкаруучу компаниянын кызматкерлери үчүн эки турак жай имараты бар.

> Маалыматка ылайык, аймактын алгачкы резиденттери катары Швейцария, Түштүк Корея, Гонконг, Казакстан жана Бириккен Араб Эмираттарынан келген компаниялар катталган. Учурда дагы 30дан ашык компания каттоо процедурасынан өтүүдө.

Резиденттерди каттоо жана тейлөө “бирдиктүү терезе” санариптик системасы аркылуу жүргүзүлөт.

****“Тамчы” АФИА -** КРгы эл аралык финансылык юрисдикция, ал Англиянын жалпы укугунун алкагында иштейт. Тургундар 49 жыл бою нөлдүк салык ставкасын камтыган атайын укуктук жана салык режиминен пайдаланышат. Юрисдикцияда көз карандысыз финансылык жөнгө салуу системасы, Эл аралык талаш-тартыштарды чечүү борбору жана тургундарды каттоо жана колдоо үчүн санариптик платформа бар. Тамчы финансы мекемеси Ысык-Көлдүн жээгинде 6000 гектар жерди ээлейт жана анын бизнес борбору Ысык-Көл эл аралык аэропортунан жөө басуу аралыгында жайгашкан.