> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөдө 9 айда 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/10/19/kyrgyzstanda-onor-zhai-ondurushunun-kolomu-685-4-mlrd-somdu-tuzdu/
- Published: 2026-10-19T09:13:14.000Z
- Updated: 2026-10-19T09:16:53.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча, 2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын өнөр жай ишканалары тарабынан 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү.**

> Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу **7,0%га** көп.

**Өндүрүштүн өсүшү төмөнкү тармактарда белгиленди:**

- Тамак-аш азыктары жана тамеки продукциялары — **9,4%га;**
- Фармацевтикалык продукциялар — **13,6%га;**
- Курулуш материалдары — **29,1%га;**
- Транспорт каражаттары — **39,4%га;**
- Жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдар, полиграфиялык продукциялар — **41,3%га;**
- Тазаланган мунай продукциялары — **1,9 эсеге;**
- Химиялык продукциялар — **2,3 эсеге;**
- Пайдалуу кендерди казуу — **7,3%га өстү.**
- Кумтөр кенинде алтындын курамы төмөн болгон зонаны өздөштүрүүгө жана өндүрүш көлөмүнүн пландуу төмөндөшүнө байланыштуу негизги металлдарды өндүрүү 1**,7%га** азайды.
- Электр энергиясы, газ жана буу менен камсыздоо көлөмү **3,1%га**, ал эми суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдаланылуучу чийки заттарды алуу көлөмү **19,6%га** көбөйдү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн ИДПны түзүүгө кошкон салымы **1,23** пайыздык пунктту түзүп, ИДПнын өндүрүш түзүмүндөгү үлүшү **18,5%** болду.