> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ноокен районунун бюджети 5 жылда 2 эсеге жакын өстү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/10/23/nooken-raionunun-biudzheti-5-zhylda-2-esege-zhakyn-ostu/
- Published: 2026-10-23T08:04:23.000Z
- Updated: 2026-10-23T08:19:35.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокен районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясы маалымдады.**

Жолугушууда аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, жергиликтүү бюджеттин өсүшү жана инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышы талкууланды.

> Мамлекет башчысынын маалыматына ылайык, Ноокен районунун бюджети 2021-жылы **299 млн сомду** түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча **619 млн сомго** жеткен.

Мындан тышкары, 2026-жылдын тогуз айында райондогу капиталдык курулуштун 25 объектисине **714 млн сом** каралган. Анын ичинен 1-октябрга карата **677 млн сом** бөлүнгөн.

Айыл чарбасын колдоо багытында да иштер жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, 2026-жылы райондун **154 фермерине** жалпы суммасы **128 млн сом** болгон жеңилдетилген насыялар берилген.

Мындан тышкары, социалдык объектилерди куруу, оңдоо жана калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу иштери улантылууда.