> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/10/24/toktogul-raionunda-5-zhylda-215-ishkana-achylyp-1576-zhumush-ordu-tuzuldu/
- Published: 2026-10-24T12:31:00.000Z
- Updated: 2026-10-24T12:30:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Токтогул районунун жана Токтогул шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясы маалымдады.**

> Билдирүүгө ылайык, Токтогул районунда 2021–2026-жылдар аралыгында **215 жаңы ишкана** ачылып, **1576 жумуш орду** түзүлгөн.

Ачылган ишканалардын арасында **58 өнөр жай** ишканасы, **17 айыл чарба** ишканасы, **9 туристтик объект**, **46 коомдук тамактануу жайы**, **36 соода объектиси** жана **30 тейлөө жайы** бар. Ошондой эле курулуш компаниясы, логистикалык борбор, эки финансылык мекеме жана башка багыттардагы **15 ишкана** ишке кирген.

Мындан тышкары, райондо инвестициялардын көлөмү 2021-жылы **2 млрд 575 млн сомду** түзсө, 2025-жылы **3 млрд 902,1 млн сомго** жеткен.  
Ал эми 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча районго **3 млрд 980,1 млн сом** инвестиция тартуу пландалууда.