> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ала-Букада 200 млн долларга эки күн электр станциясын куруу пландалууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/10/26/ala-bukada-200-mln-dollarga-eki-kun-elektr-stantsiiasyn-kuruu-plandaluuda/
- Published: 2026-10-26T11:36:33.000Z
- Updated: 2026-10-26T11:36:32.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Энергетика

**Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жалпы кубаттуулугу 230 МВт болгон эки күн электр станциясын куруу пландалууда. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 25-октябрдагы иш сапарынын жүрүшүндө маалымдалды.**

> Билдирүүгө караганда, биринчи долбоор Айры-Там айыл аймагында ишке ашырылып, **204 гектар** жерге күн панелдерин орнотуу каралган. Станциянын кубаттуулугу **130 МВтты**, инвестициянын көлөмү **100 млн АКШ долларын** түзөт.

Экинчи күн электр станциясын Ынтымак айыл аймагындагы **183 гектар** жерге куруу пландалууда. Анын кубаттуулугу **100 МВт** болуп, долбоордун наркы **100 млн долларга** бааланган.

Ошентип, эки долбоорго жалпысынан **200 млн доллар** инвестиция тартуу каралууда.