> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тогуз-Тородо 150 орундуу мектеп жана эки бала бакча курулууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/10/26/toguz-torodo-150-orunduu-mektep-zhana-eki-bala-bakcha-kuruluuda/
- Published: 2026-10-26T10:57:30.000Z
- Updated: 2026-10-26T10:57:30.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Тогуз-Торо районунда жаңы мектеп жана эки бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу 26-октябрда президент Садыр Жапаровдун районго болгон иш сапарында маалымдалды.**

> Билдирүүгө караганда, Арал айылында **75 орундуу** "Айзирек" бала бакчасы курулууда. Долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен **43,7 млн сом** бөлүнгөн.

Ал эми Карл-Маркс айылында **150 орундуу** №11 "Саймалуу-Таш" атындагы орто мектебинин курулушу жүргүзүлүүдө. Ага Турукташтыруу фондунан **106 млн сом** каралган.

Мындан тышкары, Дөдөмөл айылында **70 орундуу** "Наристе" бала бакчасы курулууда. Долбоордун наркы **49,8 млн сомду** түзүп, республикалык бюджеттен каржыланууда.