> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казарманда 110 млн сомго автобекет куруу пландалууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/10/27/kazarmanda-110-mln-somgo-avtobeket-kuruu-plandaluuda/
- Published: 2026-10-27T06:47:00.000Z
- Updated: 2026-10-27T06:46:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 26-октябрда Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.**

> Маалым болгондой, Тогуз-Торо районунда 2021–2026-жылдар аралыгында **43,4 чакырым** автомобиль жолуна асфальт төшөлдү. 

Мындан тышкары, райондо транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоорлор каралууда.

Атап айтканда, Казарман айылында болжолдуу наркы **110 млн сом** болгон автобекет куруу пландалууда.

Ошондой эле Түндүк - Түштүк альтернативдүү автомобиль жолунун боюндагы Каргалык айыл аймагында муниципалдык мал базарын ачуу сунушталган. Долбоордун алдын ала наркы **50 млн сомду** түзөт.

Аталган эки долбоорду ишке ашыруу үчүн кошумча каржылоо талап кылынат.