> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/10/27/kyrgyzstanga-syrttan-alma-tashyp-keluugo-tyiuu-salyndy/
- Published: 2026-10-27T07:35:00.000Z
- Updated: 2026-10-27T07:34:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кыргызстанда алма импортуна 2027-жылдын 1-февралына чейин тыюу салынды. Тиешелүү токтомго КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.** 

> Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө мөмө берүүчү алма бактарынын жалпы аянты **26 324 гектарды** түзөт. 

Ал эми 2026-жылы алманын түшүмү **179 393 тоннага** жетери болжолдонууда. 

Расмий маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын январь–август айларында Кыргызстанга **6 438,9 тонна** алма импорттолгон. Бул 2025-жылдагы жылдык импорттун көлөмүнөн **2,18 эсе** көп. 

Импорттолгон алманын негизги бөлүгү Польшадан — **3 554,1 тонна**, Кытайдан — **1 696,8 тонна** жана Өзбекстандан — **859,7 тонна** келген.

Ошол эле мезгилде алманын экспорту **10 779,52 тоннаны** түзүп, 2025-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу **1 658,11 тоннага** же **13,3 пайызга** азайган. 

**Документ ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого, ички рынокту жөнгө салууга жана Кыргызстандын багбанчылык тармагынын өндүрүштүк потенциалын сактоого багытталган.*