> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде 9 айда 91 чакырымдан ашык жол асфальтталды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/10/29/batkende-9-aida-91-chakyrymdan-ashyk-zhol-asfalttaldy/
- Published: 2026-10-29T11:41:00.000Z
- Updated: 2026-10-29T11:40:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Баткен облусунда 2026-жылдын тогуз айында 91,67 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, жол курулуш иштерине жалпы **778,3 млн сом** жумшалган. Ошондой эле облуста **20 социалдык** жана **4 өнөр жай объектиси** пайдаланууга берилген.

Учурда Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан **38 объектте** курулуш жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Алардын ону пайдаланууга берилип, жыл аягына чейин дагы үч объектти бүткөрүү пландалууда.

Мындан тышкары, АРИС уюмунун колдоосу менен **10 объект** курулуп, облустун **40 айылында** таза суу менен камсыздоо иштери жүрүп жатат.