> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аламүдүндө 70,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/02/alamudundo-70-5-mln-somduk-zher-tilkesi-mamleketke-kaitaryldy/
- Published: 2026-11-02T08:55:01.000Z
- Updated: 2026-11-02T08:55:01.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Аламүдүн районунда мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлүп берилген 0,54 гектар жайыт жери мамлекеттик менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, жер тилкесинин жалпы баасы **70 млн 540 миң 200 сомду** түзөт.

Райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 1998-жылы Таш-Мойнок айыл аймагында жайгашкан аталган жайыт жерлери "К." жоопкерчилиги чектелген коомуна мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталган.

Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында жалпы аянты ****0,54 гектарды** түзгөн жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/874188656_2041089889936820_9059428904523007964_n.png.jpeg)