> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Баткен-тазалык" муниципиалдык ишканасына айып пул салынды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/02/batken-tazalyk-munitsipialdyk-ishkanasyna-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-11-02T06:56:00.000Z
- Updated: 2026-11-02T06:55:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Баткендеги таштанды полигонуна жакын жерде таштанды өрттөлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен маалымдашты.**

> Билдирүүгө караганда, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Баткен башкармалыгынын инспекторлору жеринен текшерип, мыйзам бузууну каттаган.

Рейд жыйынтыгында "Баткен-тазалык" муниципалдык ишканасына Укук бузуулар жөнүндөгү кодексине ылайык **23 000 сом** айып салынды.

Мындан тышкары мэрияга полигондо көзөмөлдү күчөтүү, күзөт постун коюу, видеокөзөмөл орнотуу жана таштандыны өз убагында тазалоо тапшырмасы берилди.