> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ноокат районунда 164 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/02/nookat-raionunda-164-mln-somduk-zhany-mektep-kurulup-buttu/
- Published: 2026-11-02T11:38:00.000Z
- Updated: 2026-11-02T11:38:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Ош облусунун Ноокат районундагы Каранай айылында 225 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады.**

> Билдирүүгө караганда, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы **164 млн сомду** түздү.

Мектептин курулушу 2024-жылдын декабрь айында министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан башталган.

Архитектуралык долбоорго ылайык, имарат үч блоктон туруп, үч жана эки кабаттуу окуу корпустарын камтыйт. Ошондой эле мектепте жыйындар залы жана спорт зал каралган.

Жаңы имараттын жалпы аянты **3 миң 209 чарчы метрди** түзөт.