> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Талас облусунда социалдык жана өндүрүштүк багыттагы 29 объекттин курулушу аяктады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/02/talas-oblusunda-sotsialdyk-zhana-ondurushtuk-bagyttagy-29-obekttin-kurulushu-aiaktady/
- Published: 2026-11-02T10:04:00.000Z
- Updated: 2026-11-02T10:03:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Талас облусунда социалдык, билим берүү, маданий жана өндүрүштүк багыттагы 29 объекттин курулушу аяктады. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди.**

> Маалыматка ылайык, аймактардагы инфраструктураны өнүктүрүү үчүн кошумча каражаттар бөлүнгөн.

Тактап айтканда, Талас районунда объекттерди оңдоого, жол инфраструктурасын жакшыртууга, ичүүчү суу менен камсыздоого жана сугат иштерине **366 млн сом** каралган.

Ал эми Бакай-Ата районунда **12 объектти** капиталдык курууга **226 млн сом** бөлүнгөн.

Мамлекет башчысы мектептерди, бала бакчаларды жана спорт аянтчаларын куруу, ичүүчү суу менен камсыздоо маселелери жакынкы жылдары белгиленген пландын негизинде чечилерин билдирди.