> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта жаңы ооруканалар жана перинаталдык борбор курулууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/02/talasta-zhany-oorukanalar-zhana-perinataldyk-borbor-kuruluuda/
- Published: 2026-11-02T10:40:00.000Z
- Updated: 2026-11-02T10:41:14.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Талас облусунда саламаттык сактоо инфраструктурасын өнүктүрүү багытында бир катар курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди.**

> Анын айтымында, учурда Талас шаарында перинаталдык борбордун курулушу жүрүп жатат.

Талас районунун Көпүрө-Базар айылындагы **25 орундуу** оорукананын курулушу **74 %га** аткарылган. Ал эми Бакай-Ата районунда **100 орундуу** Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун имаратынын курулушу жаңыдан башталды.

Мындан тышкары, 2027-жылы Талас облустук бириккен ооруканасынын ****350 орундуу** имаратын куруу пландалууда.

Ошондой эле Талас, Манас жана Айтматов райондорунун ар бирине **100 орундуу** Жалпы дарыгерлер практикалык борборлорун куруу каралууда.