> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айтматов районунда 41 өнөр жай, 44 социалдык объект курулду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/03/aitmatov-raionunda-41-onor-zhai-44-sotsialdyk-obekt-kuruldu/
- Published: 2026-11-03T10:57:00.000Z
- Updated: 2026-11-03T10:56:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Айтматов районунда 2021–2026-жылдар аралыгында 41 өнөр жай объектиси пайдаланууга берилип, 44 социалдык объект курулду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровго бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында айтылды.**

> Билдирүүгө караганда, курулган объекттердин катарында мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер, спорт залдар жана маданий объекттер бар. Учурда дагы **21 объекттин** курулушу жана капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Мындан тышкары, акыркы жылдары райондо ****61 чакырым** жол асфальтталып, Бахты-Ногой каналы пайдаланууга берилген. Учурда Сарымсак каналын оңдоо иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле **7 айылда** калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.