> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айтматов районунда 480 млн сомго 2 долбоор ишке ашырылат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/03/aitmatov-raionunda-480-mln-somgo-2-dolboor-ishke-ashyrylat/
- Published: 2026-11-03T07:57:00.000Z
- Updated: 2026-11-03T07:57:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Айтматов районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.**

> Маалымдалгандай, районундо **480 млн сомго** калкты тейлөө борборун куруу жана айылдарды таза ичүүчү суу менен камсыздоо пландалууда. 

Калкты тейлөө борборунун курулушуна **180 млн сом**, ал эми айылдарды таза суу менен камсыздоого **300 млн сом** каралган.

Бул долбоорлор райондун мындан аркы өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары катары белгиленди.