> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айтматов районунун бюджети 5 жылда 3 эседен ашык өстү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/03/aitmatov-raionunun-biudzheti-5-zhylda-3-eseden-ashyk-ostu/
- Published: 2026-11-03T06:55:00.000Z
- Updated: 2026-11-03T06:54:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Айтматов районунун жергиликтүү бюджетинин көлөмү 2021-жылдагы 186 млн сомдон 2025-жылы 619,1 млн сомго жетти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровго бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча маалымат берилген учурда айтылды.**

> Маалыматка караганда, 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин көлөмү **625 млн сомго чейин** көбөйөрү күтүлүүдө.

Ал эми районго тартылган инвестициялардын көлөмү 2021-жылдагы **530 млн сомдон** 2025-жылы **1,6 млрд сомго** чейин өстү.

Ошондой эле 2025-жылы райондогу өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү **1,2 млрд сомду** түзгөн. Ал эми 2026-жылдын тогуз айында бул көрсөткүч **1,05 млрд сомго** жеткен.