> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Ала-Тоо” базары атайын салык режимине киргизилиши мүмкүн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/03/ala-too-bazary-ataiyn-salyk-rezhimine-kirgizilishi-mumkun/
- Published: 2026-11-03T11:26:00.000Z
- Updated: 2026-11-03T11:25:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**“Ала-Тоо” соода-базар комплексин өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык колдонулуучу базарлардын реестрине киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.**

Документ Мамлекеттик салык кызматына “Ордо Курулуш Компани” ЖЧКсы тарабынан 2026-жылдын 13-октябрында жөнөтүлгөн кайрылуунун негизинде иштелип чыккан.

Долбоордо Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы №575 токтомуна өзгөртүү киргизип, атайын салык режими колдонулуучу базарлардын тизмесине “Ала-Тоо” соода-базар комплексин кошуу каралган. Реестрге базардын аталышы менен катар аны башкарган “Ордо Курулуш Компани” ЖЧКсынын аталышы жана идентификациялык салык номери (ИСН) да киргизилет.

Салык кодексинин 457-беренесине ылайык, өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык атайын салык режими катары - Министрлер Кабинети аныктаган соода базарларынын аймагында иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөргө карата колдонулат.

Демек, долбоор кабыл алынса, “Ала-Тоо” комплексинин (Мурдагы Мадина базары) аймагында иштеген ишкерлер да аталган атайын салык режимин колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Долбоордун негизги максаты — салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүү, салык жол-жоболорун фискалдаштырууну өркүндөтүү жана базардагы ишкерлер үчүн салык мыйзамдарында каралган шарттарды түзүү.

Токтом долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт. Документ коомдук талкууга чыгарылууда.