> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Инвестициялар боюнча улуттук агенттик CSCEC компаниясы менен кызматташууну талкуулады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/03/investitsiialar-boiuncha-uluttuk-agenttik-cscec-kompaniiasy-menen-kyzmattashuunu-talkuulady/
- Published: 2026-11-03T07:11:00.000Z
- Updated: 2026-11-03T07:10:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "CSCEC" компаниясынын "2-инженердик бюросунун" өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.**

> Маалым болгондой, тараптар кызматташуунун багыттарын жана компаниянын Кыргызстандагы инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. 

Атап айтканда, Майлуу-Суу шаарында кубаттуулугу **26 кВт** болгон чакан гидроэлектр станциясын куруу, ошондой эле Асман шаарын куруу демилгелери каралды. Мында компаниянын долбоорлорго катышуусунун мүмкүн болгон форматтары жана каржылоо тартуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар инвестициялык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын, мамлекеттик колдоонун колдонуудагы чараларын жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү механизмдерин карап чыгышты.

**Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана талкууланган долбоорлорду иштеп чыгууну улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.*