> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Министрлик халал сертификат кайсы мекеме тарабынан берилерин түшүндүрдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/03/ministrlik-khalal-sertifikat-kaisy-mekeme-tarabynan-berilerin-tushundurdu/
- Published: 2026-11-03T06:40:00.000Z
- Updated: 2026-11-03T06:39:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Коом

**Экономика жана коммерция министрлиги халал-индустрия чөйрөсүндөгү ишмердүүлүк маселеси боюнча түшүндүрмө берди.** 

Аталган маселе Жогорку Кеңештин депутаты Илимбек Кубанычбеков тарабынан айтылган. 

> Мекеме билдиргендей, 2021-жылдан бери Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Халал-индустрияны өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемеси иштеп келет. 

Ал Кыргызстанда халал-индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган болуп саналат. 

Ошол эле учурда халал стандарттарына шайкештик сертификаттарын берүү аталган мамлекеттик **мекеменин ыйгарым укуктарына** кирбейт.

**КРнын "Кыргыз Республикасындагы халал-индустрия жөнүндө" мыйзамына ылайык, халал продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо аккредитациядан өткөн сертификаттоо органдары тарабынан жүргүзүлөт.*

2026-жылы "Халал-индустрияны өнүктүрүү борбору" жоопкерчилиги чектелген коому аккредитациядан өтүп, учурда **халал стандарттарына шайкештик сертификаттарын берүү** менен алектенүүдө.

> "Аталган уюмдардын аталыштары окшош болгондугуна байланыштуу Экономика жана коммерция министрлиги жарандарды жана ишкердик субъекттерин бул уюмдарды чаташтырбоого, алардын функциялары менен ыйгарым укуктарынын айырмачылыктарын эске алууга чакырат", - деп жазылат маалыматта.