> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто 80,5 млн сомдук мектептин курулушу аяктап калды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/03/oshto-80-5-mln-somduk-mekteptin-kurulushu-aiaktap-kaldy/
- Published: 2026-11-03T08:38:03.000Z
- Updated: 2026-11-03T08:38:03.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Ош облусунун Алай районундагы Кичи-Бүлөлү айылында 150 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.**

> Маалым болгондой, мектептин курулушуна республикалык бюджеттен **80,5 млн сом** бөлүнгөн.

Эки кабаттуу заманбап имаратта окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Тактап айтканда, окуу класстары, лаборатория, компьютердик класс, ашкана, китепкана жана жыйындар залы каралган.

Ошондой эле мектептин аймагында кичи футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары курулган.

Курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан жүргүзүлүп, ар бир этапта иштин сапатына көзөмөл жасалган.